Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүндөгү арыктар оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, азырынча оңдоп-түзөө иштери Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин жүрүүдө. Аны бүтүрүү милдетин “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы моюнга алган. Учурда керектүү техникалардын баары тартылып, 2 жума аралыгында бүткөрүү пландалууда.