Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Нарын шаарындагы бир катар социалдык объектилерди кыдырды. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Дамира Ниязалиева иш сапарынын жүрүшүндө Ж.Чолпонбаев орто мектебинде жана “Ак-Дил” балдар бакчасында болду. Ошондой эле ал медицина кызматкерлери менен жолугуп, облустук неврология бөлүмүнүн имаратынын курулушу менен таанышты. Анда 2009-жылы салынып баштаган имарат быйыл күздө пайдаланууга берилери айтылды. Айта кетсек, бул курулуш иштерине республикалык бюджеттен 62,7 миллион сом бөлүнүп берилген.