Борбордогу Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов Скрябин көчөсүндөгү ирригациялык тутумдарды реконструкциялоонун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу 20-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Оңдоо иштери Скрябин көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейинки аралыгы чейин жүргүзүлүүдө. "Бул иштерди "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасы ишке ашырат. Бардык иштер райондук администрациянын көзөмөлүндө. Аталган иштерге «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын соода түйүндөрүн алуу үчүн техникалары тартылды. Ирригациялык тутумду кайрадан куруу иштерин эки аптанын ичинде бүтүрүү пландалууда",- деп айтылат маалыматта.