Бүгүн, 28-февралда Жалал-Абад шаарында жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мусулман өлкөлөрүнүн арасында өткөн эл аралык турнирге катышып, 1500 метр аралыкка чуркоо боюнча жеңүүчү болгон Гүлшанай Сатарова сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган спортчу кыз Жалал-Абад гуманитардык университетинин 4-курсунун студенти. Ийгилик жараткан студентти Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Малик Нурдинов кабыл алып, гүлдесте жана баалуу белек менен сыйлады.