* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы Кыргыз Республикасына 1999-жылдын жай айында кирген Өзбекстандагы Ислам кыймылынын согушчандары өлкө бейпилдигине залака келтирип, коргоо күчтөрү үчүн оор сыноо жараткандыгы маалым. КРнын Коргоо министри
Мырзакан Субанов 21-август күнү премьер-министр
Амангелди Муралиевге “Кыргыз жерине кирген согушчандар толугу менен талкаланды” деп рапорт берген. Аскер күчтөрү Баткенден чыгарыла баштаган.

* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы орустун улуу артисти
Юрий Никулин 76 жаш курагында жүрөк оорусунан улам дүйнө салган. Доктурлар Никулиндин өмүрү үчүн 16 күн тынбай күрөшүшкөн. 16 күн бою Орусия басылмалары анын ар бир күнүн жазып турушкан. Бирок дарыгерлер айла таба алышкан эмес. Цирктин имаратындагы Никулин менен коштошууга Б.Ельцин да катышкан. Ю.В.Никулиндин сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлган.
СССРдин Эл артисти, Москвадагы Түстүү сейил багындагы цирктин жетекчиси, актёр жана маскарапоз Юрий Никулин 1921-жылы 18-декабрда Смоленск губерниясындагы Демидово шаарчасында төрөлгөн. Атасы цирк үчүн эстрада скечтерин, клоунада, реприздерди жазган. Ал эми апасы Юлия ошол циркте ырларды окучу. Никулиндер 1925-жылы Москвага көчүп келишкен. Юра 1929-жылы 1-класска кирет. Өмүрүндөгү эң биринчи ролду ошондо "Огород" деген оюндагы Горошканын кейипкери болуп аткарат. 15 жашынан баштап жалаң анекдотторду чогултуп, калың дептерине жаза берет.
Юрий Никулин 1939-жылдан 1946-жылга чейин аскерде, согушта болгон. Ал жактан да анекдот айтуу боюнча алдына киши салган эмес. Аскерден келип, ВГИКке тапшырса, ал жердегилер "сенде анча-мынча чымын бар экен, бирок киного жарабайсың" деп коюшат. Анан ГИТИС менен Щепкин атындагы театралдык окуу жайга кирет. Бирок ал жакты да аяктабай туруп, Ленин ордендүү Москва циркинин клоунада студиясына тапшырган.

* Мындан 113 жыл мурун, 1902-жылы
"General Motors" концернинин бир бөлүгү эсептелген "Кадиллак" фирмасы негизделген. Фирманын учкул аталышы Детройт шаарынын негиздөөчүсү Антуан да Ла Мотт Кадиллактын урматына коюлган.
* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы орусиялык мушкер
Николай Валуев Ленинградда төрөлгөн. П.Лесгафт атындагы дене тарбия, спорт жана ден соолук мамлекеттик университетин бүтүргөн. Профессионалдык рингде 53 беттеш өткөрүп, экөөндө гана жеңилүү ызасын тарткан, супер оор салмакта WBA версиясы боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону. 2011-жылы "Единая Россия" партиясынын Кемеров аймагындагы алтынчы чакырылышынын Мамлекеттик Думадагы депутаты болгон. Мамлекеттик Думанын дене тарбия, спорт жана жаштар комитетинин мүчөсү.