Токмок шаарында бүгүн, 20-августта "тамашоучу"
Самат Эркинбековдун үйлөнүү тою өтүүдө. Самат Эркинбеков сүйүктүүсү
Чолпонайга баш кошкону тууралуу июль айында берген маегинде айткан эле. Досторунун жана туугандарынын курчоосунда бүгүн кичи мекенинде заманбап той берип жатат. Жаш жубайларды куттуктап ырчылар
Роза Шакирова, Нурлан Насип, Гүлжигит Калыков, Акбар Сүйүнбаев, "Тамашоунун" оюнчулары, "Ак-Өргө city" командасынын жигиттери, алып баруучу
Нурзат Токтосунова жана башка шоу-бизнес өкүлдөрү келишти.
Самат Эркинбеков менен Чолпонайдын үйлөнүү тоюнан кененирээк "Супер-Инфо" гезитинин №669-санынан окуп, видеорепортажды "СуперТВ" бөлүмүнөн көрө аласыздар.