Кыргыз боз үйүнүн жумалыгы 2015-жылдын 3-7-сентябрында Бишкек шаарынын “Ала-Too” аянтында өткөрүлөт. Бул тууралуу 21-августта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын максаты - боз үй жасаган улуу муундагы чеберлерден кийинки өсүп келе жаткан муундар үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, кол өнөрчүлүгүнүн казынасын байытуу, элдин күнүмдүк турмушунда унутта калып бара жаткан өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу, жайылтуу, көркөм кол өнөрчүлүктүн сырларын таасын билген уздар менен усталарды массалык-маалымат каражаттары аркылуу даңазалоо жана боз үйлөрдүн каталогун басып чыгаруу.