Чычкан капчыгайындагы өрт дале өчүрүлүп бүтө элек. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен арча, карагай, бадалдар күйгөн. Өрт курчаган аймак 120 гектардан ашат. Учурда өрттү өчүрүү иштерине жалпы 800дөн ашуун адам тартылган.
“Өрт бүгүн толук өчүрүлөт. Болгону адам жете албаган тоо кыркалары калды. Аны өчүрүүгө тик учак тартылган”,- деди ӨКМнын басма сөз кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов.
Айта кетсек, Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында өрт 13-августта башталган. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери тактала элек.