Жогорку Кеңеште "жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланууда
Бүгүн, 28-февралда ЖКнын жыйынында "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланууда. Өкмөт демилгелеген бул мыйзам долбоору өлкөдөгү мал-жандыктарды каттоого алууга, башкача айтканда, мал-жандыктарын документтештирүүгө багытталган. Каттоодон өтпөгөн малды, анын этин, сүтүн башка жакка сатууга тыюу салынат. Мыйзамга ылайык, ар бир малга бирка тагылат, бирканын баасы ири мүйүздүү малдар үчүн 60 сом, кой-эчки үчүн 15 сом болмокчу. Депутат Исмаил Исаковдун айтымында, бул мыйзам долбоору эч кандай жыйынтык бербейт. "Талап кылгандан мурун элге мал багууга шарт түзүп беришибиз керек. Муну кабыл алууга шашылбаган оң. Эртең бирөө каза болуп, мал союш керек болуп калса, ал малды каттоодон өткөн же өтпөгөнүн ким текшерет?"- деди депутат. Ал эми депутат Анарбек Калматов: "Бул мыйзамды кабыл алсак, элге каршы иштеген болобуз. Демилгечилер көп малдуу жарандар гана малын каттоодон өткөрөт деп айтышууда. Мыйзамда "бардык мал өткөрүлөт" деп турат. Эмне, аз малы бар адамдар базарга мал сатпайбы? Казынабызда эч нерсе жок учурда бул мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгы канчалык?"- деди.