Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1968-жылы туулган К.Д. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Фатма аттуу чала тааныш аял алдоо жолу менен 5,3 миң долларлык унаасын алып, акчасын бербей качып кеткенин айткан. Ушул сыяктуу арыз менен Фатма аттуу аялдын үстүнөн дагы 9 адам арызданган. Жалпы келтирилген материалдык чыгым 100 миң доллардан ашкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1959-жылы туулган Ю.Ф. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.