“Мээси жетишпеген айрым милиционерлер кылмышка шектүүлөрдү ур-токмокко алышууда” дейт Нурдин Сулайманов

"Кесиптик жана адамдык сапаттары жок, мээси жетишпеген айрым милиционерлер сурак алуунун жүрүшүндө өздөрүнө керектүү көрсөтмөнү алыш үчүн кылмышка шектүүлөрдү ур-токмокко алышууда". Мындай пикирин бүгүн, 21-августта Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, күч түзүмдөрүнүн ушундай кызматкерлери кыйноо аракеттери менен Кыргыз Республикасынын Президентине бут тосушууда. "Өлкөнүн жетекчилиги күч түзүмдөрүндө кыйноону жана сабоону колдонуу практикасынын бар экенинен кабардар болуп, тиешелүү чараларды көрүүдө. Быйыл август айына чейин биздин борборго жалпысынан 50дөн ашуун арыз түшкөн. Алардын арасында ИИМдин, Жаза аткаруу кызматынын, психиатриялык мекемелердин кызматкерлерине карата арыздар бар",- деди Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aizada_jusupova
2015-08-21 12:31:19
Бул Илгертен келе аткан милициянын салты да,Силер андан удовольствие аласынар да. Адамдын убал сообун ойлобойсунарбы
+2
admin_superstan
2015-08-21 13:01:36
aizada_jusupova, жаргон сөздөрдү колдонбоңуз!
0
topchievMaKsAtBeK
2015-08-21 12:35:41
Еееми билдинерби ур токмокко алганын е чиновниктер чиновниктер
0
EdikoKG
2015-08-21 12:45:22
Булардын ээми козу ачылып жатат окшойт. Ур токмоко алган,аларга салт болуп,канына синип калган. Канча бейкуноо жарандар токмоктун айынан мойнуна алып кесилишсе,айрымдар ден соолугу менен омурунон ажырашкан.
+5
ayima_a
2015-08-21 14:44:20
ушу милициялардан кудайсактасынчы.ХХХ ХХХ негизи
0
admin_superstan
2015-08-21 15:09:43
ayima_a, 2 күн БАН!
Мазактоого жол жок!
0
Aden07
2015-08-21 14:49:58
менин милициям мени коргойт да
-2
sagyn91
2015-08-21 14:57:30
Эээми билишиптирби, ушуга чеин кылып жаткан куноолорун ээми эстеп жатыптырбы эми эмнени озгорто алышмак.
+1
rahat84
2015-08-21 17:25:50
Кайненесин олтургон келинди милициялар башына пакет кийгизип эле оной эле мойнуна куноону илишиптир деп айтып жатышат. Кайненеси арак иччу экен, ошол куну келини уйуно келсе кайненеси жаткан экен, ошондуктан келини шектелип кармалыптыр.
0
sabyr86
2015-08-21 19:21:15
Канчалаган күнөөсүздөрдү уруп согуп мойнуна алдырып,эптеп ишти жаап койюшат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан