Ички иштер министрлигинин академиясында бүгүн, 21-августта Орусиядан окуу үчүн сынактардан ийгиликтүү өткөн 18 курсанттын ант берүү аземи өттү. Курсанттарды ички иштер министринин орун басары Нурбай Касымбаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев жана башкалар куттукташканын министрликтен кабарлашты. "Курсанттар эми ата-энесинен алыста өз алдынча жашоо башташат. Мунун өзү кемчилик эмес, тескерисинче, артыкчылык жаратат. Академия жыл сайын заманбап технологияларды жайылтуу менен билим берүүнүн сапатын жакшыртууга аракет кылып жатат",- деп айтылат маалыматта.