Ошто жасалма акча менен Казакстандын жараны кармалды

20-августта жасалма акча менен Казакстан Республикасынын Алматы облусунун 1983-жылы туулган тургуну А.А. кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал 19-августта Ош шаарынын Кулатов кичи районундагы соода түйүндөрүнөн соода кылып, жасалма 100 доллар менен акысын төлөп кеткен.

Жасалма акчаны сактап жана жүгүртүүгө шектелген А.А. кармалган учурда анын жанынан дагы 500 доллар өлчөмүндөгү жасалма акча табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kunbeken
2015-08-21 11:41:29
Качып кетелегинде кармашканы жакшы болуптур чын эле кунолуу болсо.
+1
bazar
2015-08-21 14:08:35
Дагы жакшы кармашыптыр. 500 $ алып койо беришпептир...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан