Бүгүн, 21-августта "Ош" чек ара отрядынын базасында чек арада чатактарды болтурбоо тобу ишин баштады.
Топтун курамына жергиликтүү бийлик органдарынын, чек арага жакын аймактардын тургундары, күч түзүмдөрүнүн аймактык тутумдарынын өкүлдөрү киргенин Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"Чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо тобунун ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгү үчүн ЕККУнун Бишкектеги борбору "Ош" чек ара отрядында жагдайлык классты жабдуулар менен камсыздап берди, анда топтун өкүлдөрү чукул кырдаал учурунда Мамлекеттик чек ара кызматынын Бишкектеги кол башчылыгы менен орчундуу маселелерди талкууга ала алышат. Ош облусундагы топтун башкы максаты - Ош облусунун чек ара тилкелеринде чыр-чатактардын алдын алуунун жана болтурбоонун механизмдерин иштеп чыгуу",- деп билдирет мекеме.
Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Кубатбек Жээнбаев: “Ош облусундагы бул топтун ишмердүүлүгү жакшы жыйынтыктарды берип, ошону менен биз чек араны коргоонун сапатын жогорулата алабыз деп үмүттөнөм”,- деп билдирди.