Жалал-Абад шаарында бир кызды зордуктап, эки кызды зордуктоого аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 19 жаштагы Өзбекстандын жараны 18-август күнү эртең менен "Жеңиш" эс алуу багында бара жаткан кызды коркутуп, зордуктоого аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Шектүү буга чейин да Жалал-Абад шаарынын аймагында бир кызды зордуктап, дагы бир кызды зордуктоого аракет кылган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.