Кыргызстан БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешине мүчө болуп шайланды
8-ноябрда Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин шайлоосунда БУУнун Башкы Ассамблеясы эң көп добуш менен Кыргызстанды тандап алды. Бош орундукка Кувейт, Түркмөнстан, Непал жана Сауд Арабиясы катышкан. Шайлоодо Кыргызстанга БУУга мүчө болгон 164 өлкө добуш бергенин КРнын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. БУУга 20 жылдан бери мүчө болуп келген Кыргызстан биринчи жолу БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин мүчөсү болуп тандалды. Аталган кеңешке дүйнө жүзү боюнча 54 гана өлкө кирип, төмөнкүдөй укуктарга ээ: Өлкө БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешине мүчө болуу менен Республикадагы экономикалык-социалдык жана демократиялык өзгөрүүлөргө колдоо ала алат. Ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын, коопсуздук кеңештин жана эл аралык соттун экономикалык, социалдык, гуманитардык жана экологиялык ресурстар боюнча глобалдуу чечим чыгаруу үчүн талкууга катышуу укугуна ээ. Эске салсак, Кыргызстан БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин мүчөсү болуп 3 жылга шайланган. Эми Кыргызстан 2013-жылдын 1-январынан баштап БУУдагы маанилүү талкууларга катыша баштайт.