21-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 292 миллион куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, агып кирген суунун көлөмү секундасына 431 куб метрге, агып чыккан суунун көлөмү секундасына 169 куб метрге жетүүдө.
2014-жылдын 21-августунда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 657 миллион куб метрди түзгөн.