Сузак районунда "күйөөсүнүн ур-токмогунан улам каза тапты" делген келиндин жакындары тосмо арыз жазылбаганын айтышты. Жазгүл Каленованын иниси Талас Каленовдун айтымында, иш биринчи тергөөчүдөн алынып, бүгүн экинчи тергөөчүгө берилген.
“Эжем Жазгүл Каленованын жакындарынан эч кимиси тосмо арыз жазган эмес. Ал өзү асынып өлгөн күндө да, ошого жеткиргени үчүн күйөөсүн да жоопко тартуу керек эле. Бирок ал суракка алынбай, ээн-эркин жүрөт”,- дейт Талас Каленов.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-августунда Үч-Малай айылында Жазгүл Каленованын жансыз денеси асылган абалда табылган. Интернетке жарыяланган видеодо маркумдун жакындары “Жазгүл Каленова күйөөсү Азамат Бечеловдун ур-токмогунан улам каза тапты” дешкен. Ал эми Азамат Бечелов бул дооматты четке кагып, ал күнү ага кол көтөрбөгөнүн айткан.
Бир аз мурун бул боюнча күч органдагы өздүк булактар маркумдун жакындары тарабынан тосмо арыз жазылгандыктан иликтөө токтотулганын билдиришкен эле.