
* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы ырчы
Айя Садырова Бишкек шаарында туулган. Кичинекей кезинде Казакстандын Жамбыл шаарындагы музыкалык мектепте скрипка, домбра, гитара сыяктуу аспаптарды чертүүнү үйрөнгөн. 6-классында эң биринчи жолу алгачкы ырын жазып, гитара менен ырдап чыккан. 2004-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык байланыш факультетине тапшырган.
Шоу-бизнес дүйнөсүндө 2000-жылы Ассоль Молдокматованын жардамы менен, "Малыш" аттуу ыр аркылуу көп ийгиликтерге жетишкен. Ал актриса катары "Байланыш" кыргыз тасмасында башкы ролду ойногон. Айя Садырова ырчылыктан тышкары китеп жазуу менен алектенет. 2006-жылы “Сүйүү жалыны” деген аталыштагы романы жарык көргөн.
* Мындан 99 жыл мурун, 1916-жылы Токмок шаарын 1916-жылкы көтөрүлүш маалында басып алууга аракет жасаган кыргыздар жеңилүүгө дуушар болушкан. 14-августта башталган чабуул бул күнү ийгиликсиз аяктаган. Шаарга бул күнү таңга маал подполковник Гейцигдин отряды кирип, бир саат аралыгында орус аскерлери позицияны толук ээлешип, чабуул койгон кыргыз колун артиллериянын күчү менен толук талкалаган.

* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы атактуу советтик “Кавказ туткуну”, “Ы операциясы”, “Иван Васильевич кесибин алмаштырат” тасмаларында өчпөс роль жараткан актёр
Александр Демьяненко (Шурик) 62 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумган. Актёр 1937-жылы 30-майда ошол кездеги Свердловск, азыркы Екатеринбург шаарында туулган.
1964-жылы Леонид Гайдай өзүнүн белгилүү комедияларын тартууну баштайт. Башкы ролго ылайыктуу адамды көпкө издейт. Ошондо ага "Санкт-Петербургда Александр Демьяненко деген актёр бар. Ошол сенин каарманың" деп айтышат. Эч ойлонбой келечектеги Шурикти көздөй жөнөйт. Аны биринчи көргөндө эле дал ушул актёр анын ийгилигинин ачкычы экенин түшүнөт. Ошентип, "Ы" операциясы жана Шуриктин башка окуялары" комедиясы тартыла баштайт. Ал кезге чейин комедиялык образдарды жаратпаган Демьяненко съёмка аянтына чыгып, режиссёрдун көрсөтмөлөрүн так аткарып берет. 1965-жылы тасма жарыкка чыгары менен даңкталып, актёрго болуп көрбөгөндөй атактуулук алып келет. Андан эки жыл өткөндөн кийин Гайдайдын "Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары" кинотасмасы экранга чыгат. 1973-жылы Шурик тартылган акыркы "Иван Васильевич кесибин алмаштырат" комедиясы кино сүйүүчүлөргө сунушталат. Бул тасма да көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынып, атак үстүнө атак алып келет. Көп өтпөй актёр үчүн анын Шурикке байланышкан атактуулугу трагедияга айланат, анткени көпчүлүк режиссёрлор Александрды чоң ролдорго чакырбай калышат. Баары ага түбөлүккө байланып калган Шуриктин образынан коркушат, анткени режиссёрлорду "көрүүчүлөр, мүмкүн, тасманы комедия катары кабылдап калышат" деген ой кыжалатка салган.

* Мындан 13 жыл мурун, 2002-жылы
Таиландда пилдерди борбордук көчөлөрдө унаа катары пайдаланууга тыюу салынган.