Жылнаама, 23-август: Мындан 65 жыл мурун кыргыз өлкөсүнүн мурунку президенти Роза Отунбаева туулган

* Мындан 65 жыл мурун, 1950-жылы мамлекеттик ишмер, дипломат, укук коргоочу, философия илимдеринин кандидаты, кыргыз өлкөсүнүн мурунку президенти жана КМШдан чыккан алгачкы президент айым Роза Отунбаева Ош шаарында туулган. Орусиянын М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн. Роза Отунбаева 1975-1981-жылдары Кыргыз улуттук университетинде доцент, диалектикалык материализм кафедрасынын башчысы болгон. 2010-жылдын 7-апрелинен тартып Убактылуу өкмөттүн башчысы, Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин төрайымы, 2010-жылдын июль айынан тартып 2011-жылдын 1-декабрына чейин мамлекетибиздин өткөөл кездеги президенти болгон.
* Мындан 1539 жыл мурун, 476-жылы варварлардын соккусунун натыйжасында Батыш Рим империясы ураган. Акыркы императору Ромул Август тактан кулатылып, Римди варвар Одоакр ээлеп алган.
* Мындан 216 жыл мурун, 1799-жылы Санкт-Петербург шаарында бакенбард өстүрүп жүрүүгө тыюу салынган. Бул сунуш император Павел I тарабынан киргизилип, шаар башчысынын макулдугуна ээ болгон.
* Мындан 64 жыл мурун, 1951-жылы Чеченстандын туңгуч президенти Ахмат Кадыров Казакстандын Караганды шаарында туулган. Ахмат Кадыров Чеченстандын Кремлдин өкүмүн тааныган бийлигинин президенти кызматын аркалап турган чагында чечен жикчилдери уюштурган террордук жардыруунун айынан 2004-жылы 9-майда 52 жашында каза болгон
23-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Medina87
2015-08-23 00:40:52
Биринчиден; Кыргыз аялдарынын ичинен Курманжан даткадан кийинки аял башкаруучу б.а.(Кыргызстандагы откоол мезгилдеги) Эркин Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеваны 65 жылдык мааракеси менен куттуктаганча; Роза эжеге Кудай берген жашты жашашына тилектешмин!! Экинчиден;Тарыхта аты калган мусулман боорубуз Чечендердин башчысы Рамзан Кадыровдун атасы Ахмат Кадыровдун элесине таазим!!! (Менин жеке тилегим!!!).
-14
jazgul80
2015-08-23 10:36:21
Отунбаевв Энебиз 65 ке чыгыптыр. Эми не бере карап уйдо отура турган убакыт келиптирда.
0
kubat_1973
2015-08-23 10:56:33
Туулган куну кут болсун Роза эжекебиздин кудай сизге узун омур ден соолук кажыбас кайрат берсин.Кыргызстанга оор кырдаалда президент болуп абалды турукташтырып мен деп тош каккан канчалаган эркек сорой саясатчыларга салыштырганда алгылыктуу иш жургузуп креслого жабышпай кадыр баркыныз менен кеттиниз аман болунуз
-2
Eraly___
2015-08-23 12:55:30
Оштон болот турбайбы Роза айым.
-6
beka1207
2015-08-23 15:13:33
Eraly___, Ошто торолгон..Талас болот кичи мекени
+5
Eraly___
2015-08-23 19:05:46
beka1207, кичи мекенин ХХХ ХХХ ХХХ
-2
admin_portal
2015-08-24 10:18:31
Eraly___ - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
0
Medina87
2015-08-23 23:40:35
Кыргызстандан, дегеле КМШ (СНГ)дан аялдардан алгачкы Президент болгон Роза Отунбаева эженин туулган кунун куттуктаган комментарийиме минус баскан акылы тайкы адамдарга айла жоктон кулдум ааай!! Чындыкты моюндамак турсун,коро албастык конулунон чыкпаган акылы тайкы адамдар арабызда жашаганы менен омур кызыктуу жеке мен учун!!!
+1
kubat_1973
2015-08-24 07:44:03
Medina87,Абдан туура айтасын адамды туулган куну менен куттуктасан да минус баскандарга мен да тан калдым тан калганым тараганда жиним келди Эми ошолордун акылы денгээли ошого жетсе не кылабыз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан