Жылнаама, 24-август: Мындан 51 жыл мурун Кыргыз Республикасынын алгачкы космонавты Салижан Шарипов төрөлгөн

* Мындан 51 жыл мурун, 1964-жылы КРнын алгачкы космонавты, Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Баатыры Салижан Шарипов Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. Өзгөн шаарындагы Фрунзе атындагы мектептен билим алып, Харьковдогу Жогорку аскердик-учкучтар окуу жайын бүтүргөн. Окуусун бүткөн соң мекенине кайтып келип, Токмок шаарындагы окуу-машыгуу полкунда эмгек жолун баштаган. 1990-жылы космонавттарды даярдоо борборунда – “Жылдыздар шаарчасында” татаал даярдык окуунун баскычтарынан өтүп, сыноочу-космонавт жана инженер-эколог кесибине ээ болот. Кийинчерээк Шарипов атайын тандоодон өтүп, АКШдагы
Л.Жонсон атындагы Учкучтарды даярдоо борборунда америкалык кесиптештери менен бирдикте “Спейс-шаттлдын” космостогу системин толугу менен өздөштүрүп, 1998-жылы 22-январда Канаверал тумшугунан америкалык-орусиялык экипаждын курамында Хьюстон шаарындагы Л.Жексон атындагы учуу станциясынан “Шаттл STS Endeowor” космос корабли менен Орусиянын 88, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп космоско учкан. Салижан Шарипов космостон Шак деген ысым алган.
* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы Бишкек-Тегеран каттамы боюнча жол алган Боинг-737 учагы жерден 1000 метр көтө­рүл­гөндөн кийин ылдый көздөй кулаган. “Итек Эйр” компаниясына таандык Боинг-737 учагы Бишкектен Ирандын Тегеран шаарына багыт алган. Учак бийиктикке көтөрүлгөндөн кийин 10 мүнөт өткөндө техникалык бузулуулар тууралуу экипаждын командири “Манас” аэропортуна билдирүү жасап, конууга уруксат алган. Бирок жерден 1000 метр көтө­рүл­гөн учак конууга үлгүрбөй, жерге катуу урунуп, учактын куйрук жагы жалындап күйө баштаган. Андан соң жарылган. 
Бортто 90 адам болгон. Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын ичинде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Билал Чыныбаев, Бахтияр Кадыров, 17 адамдан турган баскетбол боюнча спортчулар командасы болгон. 
Кырсык катталардан 2 саат мурун Боинг-737 Москвадан учуп келген. Учактын жарылуусунун кесепетинен 68 адам каза таап, аман калган 22 адам жергиликтүү ооруканаларга жеткизилген. Каза болгондордун ичинде Иран, Канада, Түркия, Казакстан, Кытай жана КРнын жарандары бар болгон.
* Мындан 162 жыл мурун, 1853-жылы АКШдагы курорттордун биринин ашканасына кирген кардар куурулган картошка жеп отуруп "картошка өтө чоң тууралып калыптыр" деп нааразы боло баштаган. Муну уккан ашпозчу Жорж Крам картошканы өтө жука тилип, майга кууруп алып келип берет. Картошканын мындай бышырылганы кардарга да, ашпозчунун өзүнө да абдан жагып калат. Ошол күндөн тарта картошка калдырканы (чипсы) ар бир столго коюлуп, АКШнын эң белгилүү тамагына айланган.
* Мындан 68 жыл мурун, 1947-жылы бразилиялык жазуучу жана акын Пауло Коэльо Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында, инженердин үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси динчил болгондуктан, 7 жашында иеузит мектебине берип коюшат, бирок өзү чыгармачылыкка жакын бала болгон. 
Дүйнөдөгү эң окумдуу жазуучунун жалпысынан 18 китеби жарык көргөн (2014). Алар 67 тилге которулуп, 150 өлкөдө басылып, китептеринин нускасы 300 миллиондон ашкан. Пауло Коэльонун белгилүү чыгармалары: "Алхимик", "Бешинчи тоо" ("Пятая гора"), "Заир", "Жарык жоокеринин китеби" ("Книга воина света"), "Алеф", "Дарыя сыяктуу" ("Подобно реке").
24-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kubat_1973
2015-08-24 11:06:11
Салижаныбыз россиянын гражданы го кыргыздарды да анча суйо бербейт деп уктум эле аны неге эле кыргызга жабыштыра беребиз биз канча ийигенибиз менен бору баласы ит болбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан