Бүгүн, 22-августта Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүү иш-чаралары улантылат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
21-августта Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын МИ-8 тик учагында 3 куткаруучулар тобу Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө жеткирилди. Алар тоолуу райондо өрт өчүрүүгө керектелүүчү жабдуулар менен камсыз болушту. Казакстандан алынып келген МИ-26Т тик учагы караңгы киргенге чейин өрттү өчүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өрттү өчүрүү штабынын мүчөлөрү менен чогулуш өткөрдү.