Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү уланууда. Бул тууралуу 21-августта мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, борбор калаадагы Керамика көчөсүнүн жашоочусу өз алдынча жер тилкесин басып алганы аныкталган. Факты боюнча аталган жерди ээлеп алган жаранга чара көрүү сунушу Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү.