Бүгүн борбор калаанын бир катар көчөлөрүндөгү үйлөргө "акылдуу" эсептегичтер орнотулат
Бүгүн, 22-августта саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарынын Интернационал, Ат-Башы, Васильев, Үмөталиев көчөлөрүндөгү, Измайлов, Тихвинский, Огородная тар көчөлөрүнө "акылдуу" эсептегич орнотуу иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу электр энергиясынын өчүрүлүшү ыктымал. "Жумуш учурундагы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз",- деп билдирет "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы.