Түштүк Кореяда өтүп жаткан "Жибек жолу маданияты" фестивалынын ачылышынан фоторепортаж

2015-жылдын 21-августунда Түштүк Кореянын Кёнжу шаарында "Жибек жолу маданияты" Эл аралык фестивалынын ачылыш аземи өттү. Кыргыз маданиятынын өкүлдөрү өнөрүн тартуулаган соң иш-чара ачык деп жарыяланды. Саамалыкты Түштүк Кореянын премьер-министри Хван Гёан куттуктоо сөзү менен ачып берди. Фестивалга маданият министри Алтынбек Максүтов катышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Жибек жолу маданияты" фестивалы 1998-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйылкы иш-чарага 16 мамлекет катышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munara.11.
2015-08-22 15:09:23
кыргызстандан кайсы группа катышты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан