Ош облусундагы Кара-Суу жана Ноокат базарында 19-20-август күндөрү "Тилемчи" аталышындагы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу 21-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, рейдге Ош ОИИБинин Жашы жете электерди адаптациялоо жана реабилитациялоо борборунун өкүлдөрү, социалдык коргоо боюнча жергиликтүү органдар, билим берүү, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилери катышышты.
Иш-чаранын максаты - жаш балдардын укуктарынын корголушу, кароосуз калган балдарга жардам көрсөтүү, тилемчиликке мажбурлап жаткан жарандарды аныктоо.
Рейд көчөлөрдө, унаа жолдорунда, темир жол тарапта, соода-сатык жүргөн жерлерде, автобекет, кафелердин айланасында жүрдү. Натыйжада тилемчилик кылган 56 жаш бала менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар туугандарына жана ата-энелерине тапшырылды.