Талас облусунун борборунда жол кырсыгы орун алып, эки адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 22-августта саат 23:45 чамасында Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта бара жатып бакты сүзгөн. Жол кырсыгынан эки жүргүнчү каза таап, дагы төрт адам жаракат алган. Учурда алар ооруканада медициналык жардам алышууда.