Жумгал районунда катуу шамалдан улам авариялык абалга келген электр зымдарын оңдоо иштери жүрүүдө

Жумгал районунда катуу шамалдан улам авариялык абалга келген электр зымдарын оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 22-август күнү саат 15:45 чамасында ылдамдыгы секундасына 28-30 метрге жеткен катуу шамал болгон.  Анын кесепетинен бак-дарактар кулап, электр зымдары зыянга учурап, Жумгал, Жаңы-Арык, Чоң-Дөбө, Таш-Дөбө, Баш-Кууганды, Көк-Ой жана Түгөл-Сай айыл аймактарында электр энергиясы өчкөн. Ошондой эле бир канча турак үйдүн чатырын шамал учуруп кеткен. Учурда Жумгал райондук жарандык коргонуу комиссиясы катуу шамалдын кесепетинен жабыр тарткан турак үйлөрдү текшерүү жана келтирилген зыянды аныктоо боюнча иш жүргүзүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан