Ысык-Көлдө 14 жаштагы кызды сактайм деп каза болгон Памир Исмаевдин сөөгү дале табыла элек
17-августта 14 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздын Ысык-Көлгө чөгүп жатканын көрүп, аны сактайм деп каза болгон 29 жаштагы Памир Исмаевдин сөөгү дале табыла элек. Бул тууралуу 24-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Өкмөт башчы өзгөчө кырдаалдар министрине анын үй-бүлөсүнө мамлекеттик жардам көрсөтүү маселесин тапшырган.