Бишкек-Торугарт жолунун 24-чакырымында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 23-август күнү саат 21:15 чамасында болгон. Анда чыгыш тарапты көздөй бараткан Мицубиси Галант унаасы каршы тилкеге чыгып, Хонда Одиссей жана Хонда Фит унаалары менен кагылышкан. Анын кесепетинен Мицубисинин айдоочусу, Хонда Фит унаасынын айдоочусу жана 2 жүргүнчү каза тапкан. Ошондой эле Мицубиси Галант унаасындагы 2 адам, Хонда Фит унаасындагы 3 адам ооруканага жеткирилген. Ал эми Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү ооруканага кайрылуудан баш тартышкан. Учурда бул жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.