ЭЛДИК КАБАР: Нарында комбайн дарыянын жээгиндеги жарга асылып калды (фото)

Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айылында чөп оруучу комбайн Нарын дарыясынын жээгиндеги жарга асылып калды. Бул тууралуу Акай Өмүркожо уулу аттуу окурман 24-августта SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу кабарлады. Окурман комбайн 23-август күнү чөп чабыкка баратып кырсыкка учураганын айтат. "Чөп чабыктын экинчи чабыгына бара жатканбыз. Айдоо аянтыбыз Нарын дарыясына жакын жерде болгондуктан, дарыянын жээгинен өтөбүз. Бирок суу дарыянын жээктерин жеп, жол тар болуп калган. Ошон үчүн комбайн жолдон өтүп баратып кырсыкка кабылды. Эч ким жаракат алган жок",- дейт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bolotbai
2015-08-24 10:35:02
Мен да чоон Нарын дарыясынын жээгине асылып калган го деп ойлопмун.Бул асылган жери кичине эле суу аккан арыкча экен.Бирок кудай сактаптыр,комбайынчы беркиден сеп эттирип алган го ээ,болбосо мынчалык болбойт эле.
+1
Krasnoyrsk124
2015-08-24 10:46:19
bolotbai, водитель уктап кеткенго эээ же смске жооп жазам деп рульды унутуп калганго...
0
tynystan
2015-08-24 10:46:00
Супер инфо россияда кыргыз паспорту фальшивый жол менен жасалып атыптырго ошого анык жайвн тактап макала жазбайсынарбы силер жакшы иликтейсинерго
+1
admin_portal
2015-08-24 10:52:09
tynystan, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
beka1207
2015-08-24 11:33:10
Дарыянын жээги эмес эле аныздагы жар го)))
+3
Bekchoro
2015-08-24 11:37:34
Комбайн эмес Плюшилька деп аталатко бул чоп оргуч.
0
bakytbek.k
2015-08-24 11:47:47
казанский вокзалда жасап жатат дейт кыргыз паспортту туура айттын ошону. tynystan
0
novayariga
2015-08-24 17:08:23
Жанылык болсон кое кал
0
Shaki
2015-08-24 17:55:51
Абайла рульда Нарындык
-1
Sizge.kat
2015-08-24 19:40:08
Бир кездеги менин суйуктуу ишим бул комбайн эмес Ешка деп коёт жаткасынын узундугу 4,20см 20минутада 1гектарды 4 литир солярка менен чаап бутот. услугасы болсо гектарына 10литр май 1200 сом (ошол кезде) ээми темага келсем.. бул болуп эле турчу корунуш кичирээк эле аныз экен талаадан мындайдын далайына тушосун трактор менен эле акырын артка тартып чыгарып коёт. Мен Бишкекте чаап жургон кезде мин кан жактан бчкга тушуп кеткем бир донгологу атылганда тартып кетип. Бирок абдан кызыктуу жумуш билгенг
0
Sizge.kat
2015-08-24 19:44:43
коруп алып сагынып кеттим ошол кезди.Бирок туз эле жолдон бир мас айдап келип тушуп кеткен же керээлди кечке иштеген эме чарчап уктап кеткен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан