№1-Тергөө абагында жаткан
Рахимжан Бурадинов тергөөчүлөрдүн кысымынан улам өз оозун тигип алды. Бул тууралуу 24-августта
SUPER.KG'ге Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы
Элеонора Сабатарова билдирди.
Анын билдиришинче, Бурадинов Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү кыйноо жолу менен башка кылмыш иштерди да моюнуна алдырууга аракет кылып жатышкандыктан өз оозун тигип алган. "Бурадинов бүгүн түшүндүрмө жазып, биздин түзүмдүн кызматкерлерине карата дооматы жок экенин билдирди. Анын дооматы Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнө болуп жатат, себеби ал 2 ай мурун уурулук боюнча кармалып, иши тергелип жаткан. Свердлов РИИБинин тергөөчүлөрү аны бул жерден алып кетип суракка алып, башка дагы бир уурулукту моюнуна алдырыш үчүн ур-токмокко алып жатышыптыр. Бурадинов оозун 22-августта тигип алган",- деди Сабатарова.