Бишкек мэриясына караштуу Жеке турак жай куруу департаменти 2015-жылдын 7 айында райондук администрациялардын токтомдорунан 132 жасалма көчүрмө жасалганын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта мэриядан билдиришти. Көчүрмөлөр шаардын ар кайсы аймактарында жеке үйлөрдү курууга жер тилкелерин бөлүп берүүгө байланыштуу болгон. "277 барактан турган материалдар 20-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Жеке турак жай куруу департаменти мындай материалдар 2010-2013-жылдары да укук коргоо органдарына берилгенин маалымдайт",- деп билдирет мэрия.