“Каракол” мамлекеттик жаратылыш паркында жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын апрель айында аталган парктын директору мыйзамды бузуу менен сынактык комиссиянын мүчөлөрүнө жер тилкелерин 49 жылга ижарага берген. Берилген жер тилкелери "Каракол" лыжа базасына жакын жайгашкан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.