Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 24 жылдыгына карата Бишкекке белгилүү ырчылар Григорий Лепс, Дима Билан, Вера Брежнева жана "Ottawan" музыкалык тобунун келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта SUPER.KG порталына мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, майрамдык концерт Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында өтөрү пландалган. Ошондой эле салтанаттуу кече кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосунда өтөт.
Айта кетсек, франциялык "Ottawan" диско-дуэти 20-кылымдын 80-жылдары популярдуулукка ээ болгон. Алардын белгилүү хиттери «D.I.S.C.O.» жана «Hands Up (Give Me Your Heart)» болуп эсептелет.