Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 3 өспүрүмдүн жансыз денелери табылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чоң Чүй каналына 19-августта чөгүп кеткен 3 өспүрүм баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу 24-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Сууга чөгүп кеткендер: Новопокровка айылынын 2004-жылы туулган тургуну Данияр Абдуллаев, 2006-жылы туулган Бахром Каримов жана 1999-жылы туулган Азим Жаныбек уулу

Издөө иштеринин натыйжасында Абдуллаевдин жансыз денеси 21-август күнү саат 07:00 чамасында, Каримовдун денеси 22-август күнү саат 10:40та, Жаныбек уулу Азимдин жансыз денеси 23-август күнү саат 12:23тө табылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bektur2
2015-08-24 14:53:48
Жаткан жерлери жайлуу болсун ата-эне бир тугандарына кайрат берсин кудайым
0
kanykey125
2015-08-25 14:05:15
Кудай жаткан жерин бейиштен бере кор.жаман иш болуптуп.ушул Чон чуй каналын четин тоссо болбойбу.ото кооптуу коп жерлери .Аламедин базар жактагы да ото кооптуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан