Бишкекте каракчылык, уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган кылмыштуу топ 2011-жылдан бери Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында уурулук менен алектенип жүргөн. Ошондой эле алар 2015-жылдын июнь айында Военно-Антоновка айылындагы үйлөрдүн бирине кирип, 62 жаштагы үй ээси М.Ннын колу-бутун байлап, 100 миң сом жана 3,2 миң доллар акчасын, алтын буюмдарын алып кетишкен. Учурда кылмышка шектүү катары 23 жаштагы В.Алексей, 45 жаштагы З.Алексей, 25 жаштагы П.Эдуард кармалган.