Ошто 25-августтан тарта жүргүнчүлөрдү мамлекеттик автобекет тейлей баштайт

Ош шаарында 25-август күнү саат 6:00дөн тарта шаарлар, райондор жана облустар аралык жүргүнчүлөрдү тейлөө шаардын түндүк тарабында жайгашкан №2-мамлекеттик автобекет тарабынан жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын кезектеги жыйынында вице-мэр Кутманалы Абдырахман уулу билдирди. 

Анын билдиришинче, шаар ичиндеги унаа тыгындарын жоюунун бир жолу - шаардын сыртынан келген маршруттук каттамдарды, таксилерди бир жерге жайгаштыруу. Жүргүнчүлөрдү ташууну үзгүлтүккө учуратпоо жана сапаттуу, маданияттуу тейлөөгө карата иштер жасалып, каттамдардын схемалары такталганы айтылды. 

"Шаарда буга чейин баш аламан жайгашып, 8 жерде жүргүнчүлөрдү ташуу жүргүзүлүп келген. Эртеңден тарта мындай иретсиз иштерге жол берилбейт. Шаардын батыш тарабынан 15, чыгыш тарабынан 29 багыт боюнча  маршруттук каттамдар мамлекеттик автобекет тарабынан 13 чекит аркылуу тейленүүгө тийиш. Кошумча 9 маршруттук каттам уюштурулган. “Базар-автобекет маршруту да ачылган. Сырттан келгендерге көйгөй жаралбайт",- деди шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев.

Маалымат үчүн: №2-автобекет 4 гектар жерди ээлеп, аянтына 1500 кичи автобус, 4000ден ашуун жеңил унаа батат. Аталган автобекетте бир эле мезгилде 500 жүргүнчүнү тейлөө мүмкүнчүлүгү бар экени маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gsuita
2015-08-24 17:30:20
Ай иий анда базар эмне болот экен,ал да акырын ошол жакка жылдырылса керек ээ
-1
mekenchil_jigit
2015-08-24 20:29:36
№2 автобекет кайсыл жакта жайгашкан?
0
aiturgasha
2015-08-24 23:00:36
mekenchil_jigit, горгаи жакта болсо керек. хбкнын конечныйы жакта. кече твдан кордумле
0
Nadir27
2015-08-24 23:27:59
mekenchil_jigit Горгаинин тушунда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан