Бишкек шаарынын Махатма Ганди көчөсүндөгү жеңил типтеги курулуш объектилери алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган көчөнү оңдоп-түзөө үчүн эч кандай долбоор жана уруксат документтери жок иштеп жаткан 31 жеңил типтеги курулуш объектиси алынды.
Айта кетсек, жыл башынан бери Биринчи Май районунун аймагында мыйзамсыз жайгашкан 79 курулуш объектиси алынган.