Сузак районунда “17 жаштагы кызды бычак менен коркутуп, алтын буюмдарын тартып алган” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 16-август күнү болгон. Анда 1968-жылы туулган К.А. 17 жаштагы кызды бычак менен коркутуп, зер буюмдарын тартып алган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, К.А. тергөө абагына киргизилди.
Айта кетсек, 1968-жылы туулган К.А. Орусияда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча соттолуп, 10 жыл абакта отуруп чыккан.