Григорий Лепс, Дима Билан, Вера Брежнева жана "Ottawan" диско-дуэтинин Бишкекке келүүсүн Орусиянын “Газпром” компаниясы каржылайт. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, майрамдык концерт Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 24 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтында уюштурулат. Ага чет өлкөлүк ырчылардан тышкары кыргыз эстрада жылдыздары Иса Өмүркулов, Салтанат Аширова, Гүлзада Рыскулова, Нурайым Азыкбаева, Мээрим Карыпова жана башкалар катышат.
Айта кетсек, франциялык "Ottawan" диско-дуэти 20-кылымдын 80-жылдары популярдуулукка ээ болгон. Алардын белгилүү хиттери «D.I.S.C.O.» жана «Hands Up (Give Me Your Heart)» болуп эсептелет.