Жылнаама, 25-август: Мындан 85 жыл мурун Жеймс Бонддун образы аркылуу белгилүү болгон англиялык жана америкалык актёр Шон Коннери туулган

* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы Аскар Акаев согушчандардын колуна түшкөн 4 япондук геологдун тагдыры туурасында Япониянын премьер-министри Кэйдзо Обути жана Жума Намонганинин согушчандарына каршы биргелешип күрөшүү боюнча Тажикстан президенти Эмомали Рахмонов менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Өзбекстандын Ислам кыймылынын согушчандары ушул эле түнү Баткен районундагы эки кыштакты басып алууга жетишип, алар жалпы жонунан беш айылга көзөмөл жасоого мүмкүнчүлүк алышкан.
 
* Мындан 85 жыл мурун, 1930-жылы англиялык жана америкалык актёр Шон Коннери Шотландиянын Эдинбург шаарында туулган. "Оскар" сыйлыгынын лауреаты, "BAFTA" сыйлыгынын эки жолку ээси, "Алтын глобус" сыйлыгынын үч жолку лауреаты Шон Коннери 70тен ашуун тасмада роль жараткан. Алардын ичинде Ян Флемингдин чыгармасынан улам тартылган 7 тасмада (тартылган жылдары – 1962, 1963, 1964, 1965, 1967, 1971, 1983) Шон Коннери Жеймс Бонддун образын жараткан. Жарым кылымга созулган актёрлук карьерасын Шон Коннери 2003-жылы жыйынтыктаган.
* Мындан 45 жыл мурун, 1970-жылы германиялык модель, актриса Клаудиа Шиффер Германиянын Райнберг шаарында туулган. Модель катары 1987-жылы дебют жасаган. Алгач ELLE журналына тартылып, кийин Chanel мода үйү менен келишим түзгөн. Моделдик карьерасында Клаудиа Шиффер журналдардын бетинде болжол менен 900 жолу чыгып, немис ММКлары аны Германиянын эң бай аялдарынын катарына кошуп келген. Күнүнө 50 миң АКШ долларын алган моделдин байлыгын "Форбс" журналы 55 миллион АКШ долларына теңеген. Ал эми актриса катары Клаудиа Шиффер "Реальная любовь", "В постели с дьяволом", "Романтическое преступление", "Богатенький Ричи" тасмаларында роль жараткан.
* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы орусиялык жана польшалык ырчы Анна Герман 46 жашында оорудан улам көз жумган. Легендарлуу ырчынын сөөгү Варшавага коюлуп, өзү менен кошо музыкалык ачкыч жана ноталары да көмүлгөн. Ал "Үмүт" ("Надежда"), "Бакча гүлдөгөн маалда" ("Когда цвели сады"), "Сүйүү жаңырыгы" ("Эхо любви"), "Күйүп-жан, менин жылдызым" ("Гори, гори, моя звезда") жана башка ырлардын аткаруучусу катары белгилүү болгон.
* Мындан 25 жыл мурун, 1990-жылы "Даңазалуу кылым" сериалынын 4-сезонунда шахзада Баязиддин ролун жараткан түрк актёру жана модели Арас Булут Ийнемли Стамбулда төрөлгөн. Арас Булуттун ата-энеси кавказ улутунан. Агасы Түркияда белгилүү жазуучу жана көптөгөн кинолордун сценарийинин автору болсо, эжеси белгилүү вокалист. Арас лицейди аяктаган соң Стамбул техникалык университетинин авиациялык техника факультетине тапшырып, кызыл диплом менен аяктаган. 
Ийнемли 16 жашында "Аллея Возвращения" сериалында роль жараткан. Кийин "Барксыз өткөн өмүр" сериалында Метенин ролун жаратып, "Экинчи пландагы мыкты актёр" наамын жеңип алган.
25-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан