Ош облусунда сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 24-август күнү саат 18:00 чамасында Алай районунун Согонду айылында катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Анын кесепетинен 3 чакырым ички чарбалык жолдор жараксыз абалга келип, 16 турак үйдүн короосуна сел суулары кирген. Учурда келтирилген чыгымдар боюнча тактоо иштери жүрүп жатат.