Ысык-Көл. Караколдо айыл чарба жарманкеси башталды

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Руслан Элебесов билдиргендей, айыл чарба жана өзүн өзү башкаруу күнүнө карата бүгүн Караколдо облустук айыл чарба жарманкеси башталды. Бүгүн жарманкеге Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондору катышууда. "Жарманкенин башкы максаты - шаар тургундарынын базар баасынан арзан баада азык-түлүк сатып алуусуна шарт түзүү болуп саналат. Мындай жарманкелер ноябрь айынын башынан декабрь айынын аягына чейин бир айда эки жолу уюштурулмакчы",- деп кошумчалады бөлүм башчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан