Кара-Көл шаарында милиция кызматкерине курал такап коркуткан жарандан маңзат табылды

21-август күнү Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 24 жаштагы Бактыбай Өмүшев аттуу жаран өзүнүн мыйзамсыз алып жүргөн ок атуучу куралы менен милиция кызматкерин атууга аракет жасаган. Бул тууралуу 25-августта Кара-Көл ШИИБинен билдиришти. 

Маалым болгондой, Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Равшан Матиев Б.Өмүшевди наркотикалык зат сатууга аракет жасап жаткан учурда шектүү катары токтоткон. Өмүшев милиция кызматкеринин токтотконуна карабай каршылык көрсөтүп, ар кандай тоскоолдуктарды жаратып, качууга аракет жасаган жана ок атуучу курал такап коркутууга алган. Ал эми мындай көрүнүштөн улам милиция кызматкери Матиев жанында алып жүрүүгө уруксат берилген газ-травматикалык тапанчасы менен асманга ок чыгарып, Өмүшевге эскертүү берген. Аны тоготпогон шектүүнүн белине Матиев аргасыз атып жиберген.

Окуя болгон жерден Кара-Көл ШИИБинин оперативдик тергөө тобу тарабынан шектүү жаранды тинтүү учурунда чөнтөгүнөн 7 даана өзгөчө жыты бар, баңгизатка окшош зат табылган. Ага кошумча аталган жарандан узундугу 38 сантиметр болгон, номуру жок, темирден жасалган, сайсыз, тир сыяктуу курал табылган.

Учурда бул кылмыш иш боюнча тергөө жана териштирүү иштери жүрүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан