Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3, Ош облусунда 2 өрт болгон.
Ысык-Көл районунда турак үйдүн 180 чарчы метр чатыры, бастырманын 50 чарчы метр чатыры, отункананын чатыры, Волга 3110 үлгүсүндөгү унаа, Урал мотоцикли, 300 түк чөп жана 10 куб отун күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.