24-август күнү саат 15:40 чамасында Ала-Арча дарыясы менен Чоң Чүй
каналынын бириккен жеринде 2003-жылы туулган Азамат Эсенкул уулу сууга чөгүп
кетти. Бул тууралуу 25-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. "Окуя болгон жерге ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын
куткаруучулары барышып, сууга чөгүп кеткен баланын сөөгүн чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти",- деп айтылат маалыматта.