Талас облусунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Талас облусунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-август күнү саат 09:00 чамасында Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 102-чакырымында 1975-жылы туулган Р.Ашырбаевдин жансыз денеси табылган. Анын жол кырсыгынан улам каза тапканы аныкталган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, унаасын оңдоп-түзөп жаткан жеринен шектүү катары 1997-жылы туулган Э.З. кармалган. Анын айтымында, окуя болгон түнү Хонда Фит унаасы менен Талас шаарында белгилүү ырчынын концертин көрүп келе жаткан. Унаанын ичинде ата-энеси да болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, жол кырсыгы болгон учурда жабырлануучу тирүү болгон. 

Учурда кылмыш иши козголуп, айдоочу бир айга камалды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
danik86
2015-08-25 09:41:43
Аллахым озун кырсыктардан сактагын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан