ЭЛДИК КАБАР: Кыргыз-тажик чек арасында кызмат өтөп жаткан жеринен качып кеткен жоокерди издөөгө Кара-Тейит айылынын тургундары да тартылышты

Кыргыз-тажик чек арасындагы "Кара-Мык" тозотунда кызмат өтөп жатып качып кеткен жоокерди издөөгө Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылынын жашоочулары тартылышты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 25-августта окурман Whatsapp аркылуу кабарлады. Анын билдиришинче, учурда айылда 50гө чукул тургун чогулуп, Ички иштер министрлигинин тиешелүү жетекчилеринин келишин күтүп турушат. 
Айта кетсек, ал жоокер 23-августта кыргыз-тажик чек арасынын "Кара-Мык" тозотунда кызмат өтөп жаткан жеринен Калашников үлгүсүндөгү автомат менен качып кеткен. Белгилүү болгондой, жоокер 2014-жылы сентябрь айында кызматка чакырылган, бир айдан кийин кызмат өтөө мөөнөтү аяктамак. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
mer88
2015-08-25 10:45:36
СУПЕР качып кеткен эмес адашып кеткен деп журот ко туман cуук болгон экен тактап жазсанар да качканбы адашканбы. Тажик тарап да издеп атышат ко аны адашып кетти деп
+3
bolotbai
2015-08-25 10:46:05
Алдын ала эле качып кетти деп жаман аттуу кылбай туралы.Мумкун башка бир себеп болгон чыгаар.Эмнеси болсо да аман эсен табылып калсын.Чек араны корготуп алып мекен сакчысы деп,анан эле бир кундо качып кетти деп жамандабай.
+4
mer88
2015-08-25 11:20:10
1 ай калыптыр кетеерине уйуно "дембельге" анан жинди беле качып
+3
jazgul80
2015-08-25 11:40:00
Качпаса керек бир ай калса. Мумкун тажиктер бир нерсе кылбадыбы. Кудай сақтасын. Сраз эле куноону адамга койбой. Душмандар жакты ойлонгула
+3
AiBoru
2015-08-25 12:35:50
Аман эле болсо экен. Тем более тажик менен чектешкен жерде жоголгон болсо. Тажиктер "Опасныйрааак" калк эле.
Бир эле ай калган болсо кызмат отоп бутооруно качмак эмес.
+1
Kunbeken
2015-08-25 13:18:43
Биринчиден тынчылык эле болсун, бирок тажиктер жака жаман оюм кетти...
+1
bars_wire
2015-08-25 22:32:01
Уйумо кетем деп ак эткен так этип,жургондо качып башына таш тийдиби.Тажиктер судуроп кетпеди бекен.Бечара Лейлектик эженин соогун ошол жактан табыштыго(((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан