Чүй облусунда алдамчылыкка шектелип 51 жаштагы аял кармалды

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелип 51 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1964-жылы туулган И.Б. Сокулук районунун Новопавловка айылынан “жер тилкесин алып берем” деген шылтоо менен арыздануучулардын биринен 5,6 миң доллар, экинчисинен 12 миң доллар алып, убадасын аткарган эмес. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Эгерде ким бул аялдын алдамчылык аракетинен жабыркаган болсо, (0312) 60-75-67, (0 3131) 5-21-31 телефон номурлары аркылуу кабарласа болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
SHAHDAR
2015-08-25 11:10:51
Ушулар тажатты, канча адамдын коз жашын алып.
0
Kunbeken
2015-08-25 13:13:58
Мынча акчаны кантип синирди экен. Кыска ойлуулук кылып бироонун акчасын жеп, эч кайда оо дуйно бул дуйно качып кутула албайт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан